Жаңылыктар
Дүйнөдө ишкер аялдардын саны көбөйүүдө
Экономика
Дүйнөдө ишкер аялдардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын көпчүлүгү - аялдар. Алар 68 пайызды түзөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ишкер аялдардын дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чарада билдирди. Айтымында билим берүү, саламаттыкты сактоо жана тигүү тармактарында иштегендердин басымдуу бөлүгү айымдар. Соңку мезгилде айыл чарба, тейлөө чөйрөсүн алдыга жылдырууга да активдүү катышууда. Мындан тышкары Премьер-министр дүйнөдө ишкер аялдардын саны көбөйүп баратканын айтып, статистиканы келтирди. Эгер 2010-жылы дүйнөдө бай адамдардын катарына 91 аял кирсе, 2019-жылы бул көрсөткүч 243 адамга жеткен.

"Ата мекендик экономикада ИДПдагы ишкерликтин үлүшү 42%, тейлөө кызматтары чөйрөсүндө - 44%. Бул экономиканын аялдар басымдуулук кылган тармактары. Калктын 60%ы айыл чарбасына тартылган деп айтуу менен биз мында аялдар башкы кыймылдаткыч күч экенин так ырастай алабыз. Өзүңүздөр билдигендей, сүт азыктарын өндүрүү экспортко багытталган ийгиликтүү ата мекендик бренддердин бири болуп саналат. Бул тармакты үзүрлүү жана жагымдуу кылган дал ушул сиздер - айымдарсыздар",- деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.