Жаңылыктар
«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясы өтүүдө
Дин
«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясы өтүүдө

Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдердин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулду.

Конференция Россиянын жана бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний жетекчилерин чогултуп, кызматташуу үчүн жалпы платформа түзүү ниетинде өткөрүлүүдө. Конференцияга аталган мамлекеттердин өкүлдөрү, элчилери, диний уюмдарынын башчылары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер катышууда. Мындай абройлуу курамда өтүп жаткан конференцияда бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу ой-пикирлер, алгылыктуу иш-чаралар сунушталат деп үмүттөнөм - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.