Жаңылыктар
Сабырбек Жумабеков Россиянын илимдер академиясынын мүчө болду
Билим
Сабырбек Жумабеков Россиянын илимдер академиясынын мүчө болду

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп дайындалды. Бул тууралуу Академиянын сайтында жазылган. Маалым болгондой, 15-ноябрда анын жалпы жыйыны өтүп, ага илимпоздор, мүчө-корреспонденттери жана бир катар чет өлкөлүк мүчөлөрү шайланды. 

Илимдер академиясынын жаңы мүчөлөрүнүн арасында чет элдик математиктер, программисттер, энергетиктер, химиктер жана башка окумуштуулар бар. Кыргызстандык ортопед Россия илимдер Академиясынын медицина илимдер бөлүмүнүн травматология жана ортопедия жаатындагы мүчөсү болуп дайындалды. Жалпысынан АКШ, Германия, Жаңы Зеландия, Австрия жана Кытайдан сегиз жаңы мүчө шайланды. Шайлоолор үч баскычта жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. 


Бул наамга дүйнөлүк илимий коомчулуктун баасына татыган адистер ээ болот. Россия илимдер Академиясына шайланган мүчөлөрдү сыйлоо аземи декабрдын башында өтөт. Сабырбек Жумабеков көп жылдардан бери Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун жетектейт.