Жаңылыктар
Жеткинчек светтик илимден четте калбоосу керек
Дин
Жеткинчек светтик илимден четте калбоосу керек

Мамлекет башчысы ушул эле эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керектигин белгиледи. Өлкө башчысы баса көрсөткөндөй, Конституциянын 45-беренесинде „негизги жалпы билим алуу милдеттүү“ деп так жана даана жазылып турат. Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек - деди Сооронбай Жээнбеков. 

Ал ошондой эле, коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алганын айтып, көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болду. Диний себептер менен бөлүнүп-жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат. Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомдун биримдигин - мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт - деди.