Жаңылыктар
Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты
Экономика
Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты

Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты. Ага ылайык, кепилденген киреше 900дөн 1000 сомго чейин жогорулады. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет. Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган. Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат.