Жаңылыктар
Быйыл маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда
Маданият
Быйыл маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда

Өлкө аймагындагы маданий мекемелердин курулушу, оңдоп-түзөө иштери аяктап, айрымдарында азыр да реконструкция жүрүп жатат. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрды оңдоп түзөө иштерине мамлекеттик казынадан 84 млн сом акча бөлүнгөн. Азыркы учурда имараттын сырткы жасалгасы баштан аяк жаңыртылды. Эми реконструкция иштери театрдын ичинде жүргүзүлөт. 


Маданий жайдын оңдоп-түзөө иштери 2020-жылдын жаз айларында аяктап, май айынан тарта көрүүчүлөрдү кабыл алары айтылды. Ал эми Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония да ушул жылда оңдоодон өттү. Имараттын чатырынан тартып, сахна жасалгалары жаңыртылып, отургучтар реставрацияланды. Кичи концерттик зал баштан аяк оңдолду. Үн жабдыктары алмаштырылды. Сыртындагы ак мраморлор тазаланып, жуулду.


Андан тышкары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры оңдолду. Маданий жайды оңдоого казынадан 47 млн сом бөлүнгөн. Ал акчага театрдын жер төлөсүнөн тартып, сахнасы, көшөгөнү көтөрүп, түшүрүүчү механизм, көрүүчүлөр залы, артисттердин бөлмөсүнө чейин оңдолду. Оңдоп түзөө иштеринен кийнки театралдык мезгилдин ачылышына өлкө башчысы да келип катышып кеткен. Ушул тапта Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында да оңдоо иштери жүрүүдө. Казынадан 95 млн сом каралды. Жакынкы аралыкта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде да реконструкция иштери башталат.


Жалгыз эле баш калаадагы маданият мекемелерине көңүл бурулбастан облус жана район борборлорундагы театрларды да оңдоо колго алынууда. Өткөн жылы Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театр реконструкцияланган.