Жаңылыктар
Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын колдоо
Экономика
Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын колдоо

Жакынкы жылдары ийгиликтүү ишке ашырууну талап кылган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары аймактарды өнүктүрүү, анын ичинен таза суу жана ирригация долбоорлору, өлкөнү санариптештирүү жана башка бир катар тармактар кирет. Кыргызстан менен кызматташкан эл аралык донор уюмдар учурда мына ушул багыттарда өлкөгө көмөк көрсөтүүнү улантат. 


Бирок, чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн бөлүнүп жаткан каражаттарга тыкыр көзөмөл керек. Өз кезегинде туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү конференциясында өнүгүү стартегиясына биргелешкен маниторинг жүргүзүү демилгеси көтөрүлдү. 


Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго чет элдик өнөктөштөрдүн каражаты Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта эле келүүдө. Учурда эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен айыл чарба багытындагы долбоорлор, таза суу, ирригация, ошондой эле саламаттыкты сактоо билим берүү, укук коргоо органдарын реформалоо жаатындагы программалар ишке ашырылып келет. 


Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү эл аралык конференциясында Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта донорлор менен ишке ашырууну көздөгөн бир катар багыттарды атады.