Жаңылыктар
Өзгөндө эки айылды байланыштырган жаңы жол пайдаланууга берилди
Аймак
Өзгөндө эки айылды байланыштырган жаңы жол пайдаланууга берилди

Өзгөндүн Кара-Баткак менен Комсомол айылдарын байланыштырган жаңы жол пайдаланууга берилди. 3 чакырымга чукул таш жолду №5 жол тейлөө ишканасы салды. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин Кара-Баткак айылынын тургундары райондун борборуна коңшу Комсомол айылына чейин төтө жол аркылуу каттап келген. Курулушту жүргүзгөн ишкана эски жолду 8 чакырымга кеңейткен. Райондун борборунан 36 чакырым алыста жайгашкан Кара-Баткак айылында 45 кожолук бар. Жалпы Алтын-Булак айыл аймагында 3 миң 600дөй адам жашайт.

"Биздин мекеме быйыл, мамлекеттик бюджеттен 4,5 км жолду асфальттады. Жалпы суммасы 22,5 млн. сомдук. Мындан сырткары, капиталдык салымдардын эсебинен 16,5 млн. сомго 3 км жол да асфальттанды",- деди №5 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Азиз Капаров.