Жаңылыктар
Кыргызстан ЮНЕСКО аткаруучу кеңешинин курамына кирди
Саясат
Кыргызстан ЮНЕСКО аткаруучу кеңешинин курамына кирди

Кыргызстан биринчи ирет 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешинин курамына шайланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Мындай чечим 20-ноябрда уюмдун Париждеги Башкы конференциясынын 40-сессиясынын алкагында өткөн шайлоодо кабыл алынган. Сессияга Кыргызстандын атынан Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баштаган делегация катышкан. ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине талапкерлигин койгон Кыргызстан добуш берүүнүн жыйынтыгында Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттер арасында экинчи орунду ээледи. Кыргызстан үчүн 180 мамлекеттин 157си добуш берген.

ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган БУУнун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңеши уюмдун башкаруучу органы болуп эсептелет. Анын курамына төрт жылга шайланган 58 мамлекет кирет. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастары боюнча тизмесине Кыргызстандан Сулайман-Тоо, Бурана, Ак-Бешим, Красная Речка, Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал кирген. Ал эми материалдык эмес маданий мурастарга, акындардын искусствосу, манасчылар, ала кийиз менен шырдак, «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги киргизилген. Тизмеге ак калпакты дагы киргизүү пландалууда. Маселе ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар комитетинин кезектеги сессиясында каралат. Келерки жыйын ушул жылдын 9-14-декабрда Колумбияда өтөт.