Жаңылыктар
Кыргызстанда оор кылмыштардын саны азайды
Кылмыш
Кыргызстанда оор кылмыштардын саны азайды

Кыргызстанда 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулуктун саны өскөнү менен оор кылмыш азайды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Айтымында, өтө оор кылмыштуулуктун көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу 24 пайызга аз катталды. Тартип сакчылары тарабынан 25 оор кылмыштын бети ачылган. Анын катарында банктардын филиалдарынын банкоматтарынан 7 млн. сомду уурдоо фактысы, Пакистан жана Индиядан келген студенттерге карата жасалган каракчылык жана башка кылмышка шектүүлөр кармалды. Мындан тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшкөн.

"Республиканын аймагында ар кандай кылмыштарды жасаган учун 1226 кишиден турган 517 кылмыштуу топ кармалды. Алар 1207 кылмыш жасаганы аныкталды. Ошондой эле 1 243 киши издөөдө жүрөт",- деди Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов.