Жаңылыктар
Философия бардык илимдердин жол көрсөткүчү эле
Билим
Философия бардык илимдердин жол көрсөткүчү эле

Кыргызстан философторунун биринчи конгресси болуп өттү. Күн тартибинде илимдердин сап башында турган философия илиминин ааламдашуу шартында билим берүү системасына таасири жана актуалдуулугу талкууланды. Илимий иш-чарага эл өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин, чет элдик дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү жана жалпы илим чөйрөсүндөгү адистер катышты. Эскерте кетсек, философия илимине арналган мындай илимий конгресс өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
“Философия өзү бардык илимдердин сап башында туруп, гуманитардык илимдердин, социалдык илимдердин. Анан ушу жол көрсөтүүчү катары, мындай бир багыттоочу катары өзүнүн вазыйпасы бар эле. Бүгүнкү күндө бул вазыйпа аркага тартылгансыйт”
,- дейт КНУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Мырзабек Камчыбек уулу. 

“Министрлик үчүн акыл-ой менен бөлүшкөндөрдүн акылдарын укканга биз даярбыз. Алардын теориялык билимдерин кандайдыр бир деңгээлде практикага киргизүүнүн аракетинде болобуз деген ишеничтебиз”,- деди Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу.