Жаңылыктар
Кыргызстанда 15- майда энелер күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 15- майда энелер күнү белгиленет

Бул күнгө байланыштуу Кыргызстан профсоюздар федерациясы - эл аралык эмгек уюмунун 183 конвенциясын кабыл алууну өтүнүп тийиштүү мекемелерге кайрылды. Бул документ өргүүгө чыккан кош бойлуу  айымдардын укугун кеңейтет. 

“Кыргызстанда аялзатынын көпчүлүк бөлүгү жеңил өнөр-жай жана соода тармагында эмгектенет. Ошого карабай айымдар бир эле учурда  үй-бүлөсүн багууга каражат таап, ошол эле учурда балдарына татыктуу тарбия берип, үй тиричилигине да жетишип үлгүрөт.”

Өлкөдө энелердин жалпы эле аялзатынын чечилбеген маселелеринин күнгөй-тескейи толтура. Мындан улам Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү белгиленип келет. 

Эгер Эл аралык эмгек уюмунун 183 конвенциясын кабыл алынса өргүүгө чыга турган кош бойлуу энелердин каржылык жактан маселесин чечмек. Анда өргүүдөгү энеге ай сайын жөлөк пул чегер жагы каралган.