Жаңылыктар
Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Аймак
 Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат. 

Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында С. Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.