Жаңылыктар
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар социалдык кызмат алууда кыйналышат
Кыргызстан жаңылыктары
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар социалдык кызмат алууда кыйналышат

Өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар  социалдык кызмат алууда кыйналышат. Аларга жөнөкөй эле коомдук транспорта жүрүүдө  шарттар түзүлгөн эмес. Андан сырткары билим берүү жана саламаттыкты сактоо  мекемелеринде дагы көйгөйлөр арбын.

Учурда өлкө аймагында 172 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алар жалпы калктын 2,7 пайызын түзөт. Бири колу-буту жакшы иштебесе дагы бири такыр эле баса албайт. Алардын бири Миргүл Болотова 2-топтогу майып буту жакшы кыймылдабай, мындан улам  балдактын жардамы менен басат. Анын айтымында көйгөйлөр көп, жөнөкөй эле коомдук транспортто жүрүү үчүн  шарттар түзүлгөн эмес.    

«Мүмкүнчүлүгү чектелгендер  мамлекеттик же жеке мекемелерге кирүү кыйын. Андан сырткары коомдук транспортко  түшө албайбыз. Жада калса айдоочулар атайын токтобой кеткен учурлар көп болот.  Мындай кыйынчылыктарга күндө кабылабыз. 7-8 жылдан бери тиешелүү мекемелерге  кайрылып келе жатабыз, жыйынтыктар жок».

Алардын андан сырткары  бир топ көйгөйлөрү бар. Мисалга жумуш орду менен камсыз болуу, жыл сайын  майыптыгын тастыктоо үчүн атайын  медициналык-социалдык экспертизадан өтүү. Буга байланыштуу адистер мүмкүнчүлүгү чектелгендердин социалдык укуктук абалына жана  көйгөйлөрүнө талдоо жүргүзүшкөн. Көз карандысыз эксперт Чинара Биялиева майыптардын маселеси системалуу  карабай, мамлекеттик түзүмдөр бирдиктүү иштебей жаткандыгын белгилейт. 

Ошондой эле майыптар менен иштеген дарыгерлердин жетишсиздиги дагы көйгөйлөрдөн. Андан сырткары баласы майып болуп төрөлүп калган энеЛлер дагы социалдык жактан колдоого муктаж. Буга байланыштуу  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган көйгөй каралууда.

Эске сала кетсек Кыргызстанда  172 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо,  28 миңи 18 жашка чейинки балдар. Алардын   жалпы калктын 2,7 пайызын түзөт.

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»