Жаңылыктар
Москва шаарында “Россия ханышасы - 2019” улуттук сынагынын финалы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Москва шаарында “Россия ханышасы - 2019” улуттук сынагынын финалы болду

Сынак 5 жылдан бери уюштурулуп келет. Бул ирет катышуучулардын көп улуттуулугу менен айырмаланды. 30 миң сулуунун арасынан финалга, Новосибирск шаарында жашаган биздин мекендешибиз Мадина Шибербекова да чыккан.

Финалисттерди тандоо абдан курч мүнөздө өткөн. Кастингге Россиянын булуң-бурчунан 30 миң кыз катышкан. Бул ирет ар улуттун өкүлдөрү ат салышты. Финалга биздин мекендешибизден сырткары, АКШ менен Бириккен Араб Эмирлигинин өкүлдөрү да болду. 

Мадина профессионалдуу музыкант. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп, андан кийин консерваторияны бүтүргөн. Кыл кыяк менен ооз комузда да ойнойт. Жакында Новосибирск шаарына көчүп барып, ал жакта мугалимдикти аркалап, балдарга фортепьянодо ойноону үйрөтөт. 

Сынакка катышкан сулуулар, улам –улам тематикалык кийимдерин алмаштырып, эл алдына чыккан соң, барын толкунданткан учур дагы келип жетти. Алып баруучу калыстар тобунун чечимин жарыялады. Уюштуруучулар толкунданганынан ленталарды алмаштырып, сулуулук таажысын да түшүрүп алды.

Калыстар тобунун чечими менен “Россия ханышасы-2019” сулуулук сынагынын жеңүүчүсү деп, москвалык Элина Воронцова табылды. Сүрөөнгө алып кубангандар да, калыстар тобунун чечимине нааразы болгондор да болду. Мекендешибиз сынакка катышканына ыраазы экенин айтып, кандай гана учур болбосун, адамгерчилик сапаттан арылбоо керек экенин белгилейт.

Айрым калыстар финалдык программага нааразылыгын билдирди. Алардын айтымында, сулуулар кийиминен сырткары, өз талантын дагы элге көрсөтсө жакшы болмок. Ар кыл өнөрүн элге

тартуулоо менен, түрдүү улуттун өкүлдөрү арасында кандайдыр бир жакындоо, ынтымак сезими курчумак. Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү 10 миллион рублга бааланган таажыга ээ болду. Калган катышуучулар да куру кол кеткен жок. Сынакка катышкандыгы үчүн аларга акчалай сыйлык жана демөөрчүлөр тарабынан түрдүү белектерге ээ болду.