Жаңылыктар
Түркияда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

Стамбул шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун 9-жыйыныны өттү. Анын алкагында Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жана Бишкек менен Анкаранын ортосунда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жөнүндө 6 меморандумга кол коюлду. Бизнес-форумдун ишине биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуата Октая катышты. 

Кубатбек Боронов өз сөзүндө форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык дарамети тууралуу айтып берип, түрк ишкерлерин өлкөдө ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. 

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар өтүп, анын катышуучулары гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо, башкаруунун жаңы ыкмаларын жана өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестицияларды тартуу жана кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты. Белгилей кетсек, Түркиянын бизнес чөйрөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алганда, бул аянтча Кыргызстандын экспорттук мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда алакаларды кеңейтүү, экономиканын түрдүү тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн платформа катары кызмат өтөдү.