Жаңылыктар
“Жеткиликтүү турак жай” программасы
Кыргызстан жаңылыктары
“Жеткиликтүү турак жай” программасы

Махабат Аскарбек кызы Нарын шаарында жашайт. Кесиби дарыгер. Каарманыбыз жеке турак-жай сатып алууну көп жыл кыялданган менен, ал тилегин ишке ашыра алган эмес. Эми ал максатына жетүүгө убакыт келди. Махабат жеткиликтүү турак жай долбоору аркылуу ипотекалык насыя алганы турат. Учурда үй-бүлөсү менен көңүлүнө жаккан батир караштыруу менен алек.

Ал эми Наргиза Бозжигитова жолдошу экөө тең бюджеттик мекемеде иштейт. Жаш үй бүлөнүн ипотекалык компания аркылуу турак жайга ээ болгонуна 2 жыл болду. Көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү үй сатып алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 8 пайыз менен насыя алышкан, учурда айына 15 миң 400 сомдон төлөшөт. Ипотекалык насыянын 6 пайызга төмөндөй турганын уккан үй-бүлө жогорудагы төлөм дагы азаят деген үмүттө.

2019-жылдын ноябрь айына карата мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 5 миллиард сомдон ашык суммага 4 миң 405 насыя берилди. Өлкө жетекчилиги насыянын пайыздык ченемин төмөндөтүүнүн аракетин көрүп жатат. “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы алгач ишке киргенде пайыздык ченем 14 пайыз болгон. Азыркы тапта ал 9-7 пайыз. Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик мекемелерде иштеген жарандардын үй алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү үчүн пайыздык ченди 6 пайызга төмөндөтүү тапшырмасын берген. Азыркы тапта мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алам деп кезекте тургандардын саны 4 миңге чамалайт. Ошол эле учурда бюджеттик мекемелерде иштебегендер дагы бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алат. Жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашырууда алыскы аймактар өзгөчө көңүл борборунда. Мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик кызматкерлер үчүн Нарын шаарына 5 кабаттуу, 60 батирлүү үй курду. Бул турак үйдөн батир алгандар 15 жыл ичинде төлөп берет. Мындай мүмкүнчүлүк өзгөчө жаш үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу.

Пайдубалы 2017-жылы түптөлгөн көп кабаттуу үйдүн курулушуна 106 миллион сом жумшалган. Эконом класс үлгүсүндө салынган үй борбордук жылытуу тутумуна кошулган. Азыркы тапта акыркы жумуштар жасалып, пайдаланууга берилүү алдында турат. Аймактардагы жарандардын жеңилдетилген насыя аркылуу турак жай сатып алуусу үчүн мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан чет өлкөлүк уюмдардан дагы инвестиция тартылууда. Компания" KFW немец өнүктүрүү банкы каржылай турган "Турак жайды каржылоо" программасын ишке киргизүү алдында турат. Ипотекалык насыялоону өнүктүрүү максатында “МИК” ААКу ипотекалык баалуу кагаздарын дагы чыгарды. Ал ипотекалык насыя аркылуу турак жай сатып алууну үмүттөнгөндөр үчүн өтө маанилүү. Ипотекалык баалуу кагаздар өлкөдөгү ипотекалык насыялоонун маселелерин чечүүгө демилге бере ала турган келечектүү инвестициялоо инструменти болуп саналат.