Жаңылыктар
Атамбаев: табигый кырсыктарды алдын алуу мамлекеттин милдети
Өзгөчө кырдаал
Атамбаев: табигый кырсыктарды алдын алуу мамлекеттин милдети

Табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу- мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов башында турган өкүлдөр менен жолугуп жатып билдирди. 3 күндөн бери Бишкекте өтүп жаткан Аткаруу кеңешинин 49-сессиясы жана Башкы Ассамблеясынын 22-сессиясы жыйынтыкталып, бир катар документтерге кол коюулуп, сүйлөшүүлөр оорун алды. Андан сырткары Ала-Арча капчыгайында тоо шартындагы куткаруучулардын жана суучулдардын окуу-машыгуусу өтүүдө.

Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун отуруму 11-майда башталган.  Анда Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, дүйнөлүк абройлуу уюмдун кезектеги иш-чаралары Кыргызстанда өтүп жатканы маанилүү экендигин билдирген. Өлкөдө ар кандай табигый кырсыктар көп катталып жаткан учурда, уюмга мүчө өлкөлөр өз тажрыйбасы менен бөлүшүүсү зарыл.

Сооронбай Жээнбеков:

“2016-жыл  Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун тарыхындагы маанилүү баскыч болуп саналат.  Алгач ирет Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун иш-чарасы өз штаб-квартирасынан  тышкаркы аймакта өтүүдө. 2012-жылдан тарта ар жыл сайын Кыргызстан аймагында Эл аралык Жарандык Коргонуу уюму менен тыгыз кызматташтыкта Уюмга мүчө өлкөлөр  үчүн тоодо куткаруу жана суучулдар үчүн эл аралык даярдык курстары өткөрүлөт.  Кыргызстан үчүн бул маселе абдан актуалдуу. Анткени өткөн жылы эле  республиканын аймагында 200дөн ашуун ири өзгөчө кырдаал орун алды, материалдык  зыяндын көлөмү он миллиондогон АКШ долларына бааланды”. 

Жыйында президенттин апарат жетекчисинин орун басары Аалы Карашев мамлекет башчы Алмазбек Атамабевдин куттуктоо катын окуп берди. Анда президент жарандык коргонууга арналган сессияда, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо жана кырсыктар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары боюнча маанилүү долбоорлор, документтер кабыл алынаарына ишенерин билдирди. 

Кыргызстан уюмдун аткаруу комитетинин курамына мында эки жыл мурун Башкы Ассамблеянын 21-сессиясында кабыл алынган. Андан бери уюмга мүчө мамлекеттер Кыргызстанда болгон жаратылыш кырсыктары учурунда техникалык жана гуманитардык  жардамдарды көрсөтүп келет – деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү жыйындын жүрүшүндө  Кыргызстандын тоо шартындагы куткаруучуларынын жана суучулдарынын тажрыйбасын колдонууга чакырып өттү.  Кыргызстан өзүнүн географиялык жактан жайгашуусунда тоолорго жана көлдөргө бай. Андыктан бул багытта кыргыз куткаруучуларынын тажрыйбасы чоң – дейт Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун башкы катчысы Владимир Кувшинов.

“Жарандык коргонуунун эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттерде  жана башкы-штабында да кырсыктарда бирге аракеттенүү багытындагы борборлор бар.  Эми аларды бирге иштешүүсүнө шарт түзгөн келишимдерди түзүшүбүз керек. Маселен  Кыргызстанда 5 жылдан бери куткаруучуларды даярдоо боюнча окуу-машыгууларды  өткөрүп келебиз. Ошондой эле  Кыргызстандын тоо шартындагы куткаруучуларынын жана суучулдарынын тажрыйбасын колдонуубуз   керек”.

Табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу - мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Бул тууралуу 13-майда президент Алмазбек Атамбаев Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмунун башкы катчысы Александр Кувшинов башында турган өкүлдөр менен жолугуп жатып билдирди. Кувшинов Бишкекте өткөн Аткаруу кеңешинин 49-сессиясынын жана Башкы Ассамблеясынын 22-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу президентке маалымат берип, иш-чаралардын жогорку даражада уюштурулганын белгиледи. Мамлекет башчы уюмдун маанисин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин айтты.

Ошондой эле, Ала-Арча капчыгайында аталган уюмдун иш-чараларынын алкагында тоо шартындагы куткаруучулардын жана суучулдардын окуу-машыгуусу өтүп, анда Кыргызстанга бул эки багыттагы куткаруучуларды окутууга мүмкүнчүлүк берген диплом тапшырлды.

С. Идирисов, “Биринчи радио”