Жаңылыктар
С.Жээнбеков президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болду

Туура эки жыл мурун, 2017-жылдын 24-ноябрында Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришип жатып, ант берүү аземинде башкы максаты- элдердин биримдигин бекемдеп, күчтүү мамлекет куруу экенин билдирген. Эң негизгиси бардык күч аракет өлкөнүн өнүгүүсү үчүн болору убадаланган. Алгачкы эки жылдын жыйынтыгы жаман эмес, өлкө турмушунун бардык тармактарында башталган реформалар өз жемишин бере баштады.

Президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы жарлыктарынын бири - аймактарды өнүктүрүү жылы болду. Өлкөнүн алыскы аймактарында миграциянын агымы күч алып турган чакта, кошумча жумушчу орундарын түзүп, өнөр жай өндүрүшүн ишке киргизүү, кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, экспорттук потенциалды өнүктүрүү зарылчылыгы турган. Президент бул көйгөйлөрдү ичинен билгендиктен, алгачкы кадамы эле мамлекеттин каржы институттарынын каражаттарынын басымдуу бөлүгүн аймактарга буруу чечими кабыл алынган. Жээнбеков премьер кезинде эле түзүлгөн мамлекеттик Кепилдик фонду, күрөөсү жок насыя ала албаган дыйкандарды колдоого мыкты мүмкүнчүлүк түздү.

Аймактарды өнүктүрүү максаты тууралуу алгач Жээнбеков Жумгал районунун эли менен жолугушуусунда билдирсе, былтыр аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жарыяланганын биринчилерден болуп Сокулук районунун тургундары угушту. Эки жыл ичинде өлкө башчысы бир катар райондорду кыдырып, элеттин көйгөйүн элдин өз оозунан угуп келүүдө. Негизи эле эл менен жолугушууларга басым жасап, канча жылдан бери президент эмес министрдин буту баспаган жерлерге өлкө башчысы өзү барды. Эл менен жолугушууда президент шайлоо алдында берген убадалары боюнча да калкка маалымат жеткирип үлгүрүүдө.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында берген башкы убадаларынын бири- коррупцияга каршы күрөш болгон. 2018-жылдын 8-февралында өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында жемкорлукту ооздуктоого багытталган иш аракеттер ар бир кадамына чейин аныкталган. Мына ошондон көп өтпөй эле өлкөдөгү ири коррупциялык схемалардын бети ачыла баштады. Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодон башталган схемалар кийин, тарых музейи, кошумча нарк салыгына байланышкан иштерге чейин жетти. Мыйзамсыз баюу беренеси боюнча бир катар атка минерлерге кылмыш иши козголуп, жоопко тартылды. Президенттин демилгеси менен бирдиктүү эсеп ачылып, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолууда. Анын бир бөлүгүнө быйылтан тарта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда мектептерге кошумча имараттар курула баштады.

Буга катар сот укук реформасы ордунан жылды. 2019-жылдын 1-январынан тарта беш кодекс ишке кирип, өлкө жаңы укуктук мейкиндикке кирди. Өлкө аймагы боюнча сот залдары аудио жана видео көзөмөл менен жабдылып, сот имараттары жаңыртылып, материалдык техникалык база чыңдалууда. Сотторду тандоо кеңешине талап күчөп, кесипкөй кадрларды тандоого көңүл бурулган. Мында фемида өкүлдөрүнүн таза жана ачык айкын иштөөсүн камсыздап, карапайым калктын сотторго карата ишенимин кайтаруу башкы максат. 

Сот укук реформасын жүргүзүүдө, коррупцияга каршы күрөштө жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө электрондук ыкманы колдонуу ыкчам киргизиле баштады. Бул аракет өлкөнү санариптештирүүнун алкагында ишке ашырылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү анын президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген. Азыркы күндө дээрлик бардык мамлекеттик мекемелер Түндүк электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулуп, жыл соңуна чейин 60тан ашык кызмат көрсөтүүлөр электрондук ыкмага өтмөкчү. Бул адамдардын убактысын үнөмдөп, ар канда кагаз иштеринен алыстатып, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкер менен адамдын ортосундагы байланышты жокко чыгарат.

Артыкчылыктуу багыт катары бир катар улуттук долбоорлор кабыл алынган. Алар өлкөнүн ирригация тутумун жакшыртып, калкты ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо. Республикалык бюджеттин жана эл аралык донор уюмдардын көмөгү менен бул эки багытта тең алгылыктуу иштер жүрүүдө. Аймактарга болгон сапарынын алкагында президент ар бир райондо сугат жана ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштери менен таанышууда.

Мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу дагы көңүл борборундагы маселе болчу. Өткөн жылдын октябрында үй бүлөлүк дарыгерлердин жана орто персоналдын эмгек акысы көтөрүлсө, быйыл күз айында эмгек стажына карата мугалимдердин айлык маянасы жогорулады. Бул категорияга өлкө аймагындагы 120 миңден ашык окутуучулар кирди.

Калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программасы ишке ашууда. Мамлекеттик ипотекага насыялар алгач 14 пайыздан бериле баштаса, азыркы күндө анын үстөк пайызы 7 пайызга түштү. Ушул кезге чейин 5 млрд сомдон ашык каражатка дээрлик 4500 үй бүлөгө ипотекалык насыя берилди. Быйылтан тарта мамлекеттик ипотека бир гана бюджеттик кызматкерлер үчүн эмес, бардык жарандарга бериле баштамакчы.

Президент Жээнбековдун жүргүзгөн саясатынын дагы бир негизги багыттарынын бири- коомдогу бардык саясий күчтөрдүн башын бириктирүү болду. Эки жыл аралыгында өлкө башчысы жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, акыркы чейрек кылымдан бери Кыргызстанды башкарган мурдагы премьер-министрлер жана спикерлер жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен бир нече жолугушууларды өткөрдү. Биринчи жолу чет элдеги мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлүп, жолугушууда мекендештердин өлкөгө, анын ичинен кичи мекенине көмөк көрсөтүүнүн бир катар жолдору талкууланды.

Президенттин шайлоо алдында жана ант берүү аземинде баса белгилеп айткан убадаларын бири бул тышкы саясат маселеси болгон. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден тарта алгач ирет коңшу мамлекеттер менен алаканы бекемдөөгө басым жасады. Мамиле сууп калган Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттери менен кызматташтык кайрадан жанданып, азыр алака жогорку деңгээлде деп ишенимдүү түрдө айтууга негиз бар. Бул өлкөлөрдүн бардыгында президент мамлекеттик жана расмий иш сапары менен барды. Мындан сырткары президент Европа биримдиги, Жапония, Араб мамлекеттери жана АКШ менен мамилени арттыруу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири деп атаган. 2019-жыл дагы өлкөнүн тышкы саясаты үчүн абдан маанилүү жылдардын бири болду. Кыргызстан июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитин кабыл алды. ШКУ саммитинин алдында Кыргызстанга ири державалардын бири - Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен келди. Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында тарыхый чечим - эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү келишими кабыл алынып, ага президенттер өздөрү кол коюшту. Мына ушундай жемиштүү жыйынтык былтыр мамлекет башчысынын Бээжинге болгон сапарында да жетишилген.

Дагы бир стратегиялык өнөктөш - Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары да быйылкы жылга туш келди. Путин Бишкекке март айынын соңунда келди. Ал Кыргызстанды Россия Федерациясынын стратегиялык өнөктөшү жана ишенимдүү союздашы деп баса белгилеген. Визиттин жыйынтыгы менен эки өлкө ортосунда жалпы 6 млрд долларга эсептелген келишимдерге кол коюлду. Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жыйынын утурлай Кыргызстанда Монголиянын Президенти жана Индиянын премьер-министри расмий сапары менен болду. Былтыр президенттин демилгеси менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйыны Кыргызстанда өткөрүлүп, ал 7-саммит быйыл октябрь айында Азербайжанда уюштурулду. Мындан сырткары Кыргызстан Бириккен улуттар уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдарда ийгиликтүү иш алып барууда. 28-ноябрда Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитин кабыл алат.

Акыркы эки жыл аралыгында маданият тармагы да көңүл сыртында калган жок. Бир катар маданият мекемелеринин оңдоп түзөө иштери аяктады, учурда борбор калаадагы жана аймактардагы музей театрлардын ремонту жүрүп жатат. Реформа жүргүзүлүп, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду дагы ондоп санаса болот. Бирок, бардык ой максаттарды ишке ашырууга 2 жыл жетишсиз. Алдыда башталган иштердин уландысы жана дагы ондогон масштабдуу реформаларды соңуна чыгаруу максаты турат.