Жаңылыктар
Санариптештирүү- туруктуу өнүгүүгө карай кадам
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптештирүү- туруктуу өнүгүүгө карай кадам

Туруктуу өнүгүүнүн багыты болгон санариптештирүү Кыргызстанда кулачын жайган сайын жарандарга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, мекендештерибиздин турмушу жеңилдей түштү. Калың элдин кыйналбай жашоосуна шарт түзүп кызмат кылып жаткандардын бири Мамлекеттик каттоо кызматы десек туура болоор. Анткени алар адамдардын төрөлгөн учурунан тартып өмүрүнүн акырына чейин каттоо кызматын жүргүзүшөт. Жарандар буга чейин күбөлүктөрдү, паспортторду алуу үчүн бир топ убакыт, ресурстарын коротуп келишсе, эми иштин бардыгы электрондук форматка өтүп, калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр кыскарып, буга чейин коромжу болгон убакыт үнөмдөлүүдө.

Келечекте жарандар документ алуу үчүн арыздарды үйдө олтуруп эле же мобилдик тиркемелер аркылуу толтуруп бере баштайт. Бул үчүн адистер мыкты СТАР тап долбоорлордун үстүндө иштөөдө. Санариптештирүүнүн алкагында, паракорчулукка бөгөт кылуу максатын көздөгөн кызуу иштер аткарылууда. Айтсак, бажы тармагындагы иштердин бардыгы көз алдыда ачык-айкын болуусу үчүн бажы пункттарына көзөмөл камералары жана электрондук кезек күтүү жабдыктары орнотулду. Ушул жылдын аягына чейин бажы пункттарынын бардыгына камералар орнотулат.

Унаанын тарыхы тууралуу кеңири маалымат берүүчү “Карчег” кызматы да жигердүү иштөөдө. Бир жарым ай ичинде бул кызматты 736 миң адам колдонгон. Жакынкы арада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери да “Карчег” кызматы аркылуу айыптарды түзө баштайт. Мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүгө башкалар менен катар мобилдик байланыштын колдонуу чөйрөсүн ар убак кеңейтүүгө аракет кылып келген Мегаком компаниясы да киришкен. Алардын жардамы менен бир жыл ичинде 100гө жакын кызмат санариптештирилүүдө.

Учурда дары-дармектердин сапатын, жарактуу мөөнөттөрүн, бааларын, мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөнүн мобилдик тиркеме аркылуу текшерип билүүгө да мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаменти жана бейөкмөт уюмдардан турган топ “ЛекИНФО” аттуу платформаны иштеп чыгып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан өткөрүлгөн сынакта байгелүү орунга татыктуу болушту.

Санариптештирүү- туруктуу өнүгүүгө карай кадам. Бул максатты көздөгөн кыргыз өкмөтү 245 иш-чараны камтыган жол картасын иштеп чыкты. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен келишим түзүлүп, анын негизинде “Санарип Каса” долбоору да ишке ашырылмай болду. Долбоордун негизги максаты- жарандарды арзан жана сапаттуу интернет менен камсыз кылуу, маалыматтарды сактоочу жайларды түзүү менен жаңы технологияларды, инновациялык, Стартап долбоорлорду киргизигүүгө шарттарды түзүп берүү жана колдоо көрсөтүү. Тиешелүү мыйзамдык базаны өркүндөтүү, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, жеке, билим берүү тармагында, жарандык коомдо иштеген санариптик лидерлерди колдоо.

Учурда санариптештирүү багытындагы эң башкы платформа болгон Түндүк системасын өркүндөтүп, анын киберкоопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы бар. Бул үчүн каржылык жардамдарды эл аралык донорлор көрсөтмөй болду. Эстония мамлекети бул тутумду акысыз өткөрүп берсе, Кореялык өнөктөш уюм 2020-жылы 5 миллион АКШ доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтөт. Бул тутумдун мамлекеттик органдарга киргизилиши менен документтерди жасалмалап коюу, адам факторлору деген түшүнүктөр жоюлуп жемкорлукка бөгөт коюлат. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берилүүдө.