Жаңылыктар
Кыргызстан-Түркия: товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. долларга жеткирилет
Экономика
Кыргызстан-Түркия: товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. долларга жеткирилет

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирилет. Тиешелүү макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгы Түркиянын Анкара шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынында айтылды. Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк комиссиясынын тең төрагалары Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын жыйынынын Протоколуна жана Экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Ал соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турат.

Түрк тарабы менен кошумча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бажы өткөрмө жайларын модернизациялоо, Кыргызстанда ДНКнын толук геномдук анализи, ошондой эле трансплантология үчүн зарыл болгон HLA, Cross Match жана PRA ткандык шайкеш келүүсү боюнча лаборатория ачуу боюнча маанилүү пункттар киргизилген.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай эки мамлекеттин ортосунда мамилелерди бекемдөө жана чыңдоо үчүн стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынган ушул Комиссияны жыл сайын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйын учурунда билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, өнөр жай жана кен иштетүү, эмгек жана социалдык коргоо, финансы жана банк иши, маданият жана туризм, транспорт жана байланыш тармактарындагы маселелер талкууланды. Тараптар 2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде чоң кыргыз-түрк бизнес-форумун уюштуруу планын белгилешти.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында кол коюлган Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү тууралуу квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылды.