Жаңылыктар
Кайгуул милициясы түзүлгөндөн тартып, 37 кылмыштын бети ачылды
Кылмыш
Кайгуул милициясы түзүлгөндөн тартып, 37 кылмыштын бети ачылды

Кайгуул милициясы ишин 31-октябрдан тарта баштап, бүгүнкү күнгө чейин 102 номери аркылуу түшкөн маалыматтын негизинде 1114 жерге барып, 37 кылмыштын бетин ачкан. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев коомдук кеңештин жыйынында айтты.

Бишкек шаарында 31-октябрдан тарта Кайгуул милициясы расмий түрдө ишке киришкен. Алар азыр иштеп жаткан ЖКККББнын жана коомдук тартипти караган Кайгуул күзөт кызматынын ишин аткарат. Кайгуулчуларга белгиленген аймакты күзөтүп, укук бузуулар катталган жерге көз ирмемде барып калышы керек деген талап коюлган.

"1114 телефон чалуу болсо, анын 754 чындап кайрылуу, ал эми 360ы жалган болуп чыккан. 37 кылмыш, 89 бейбаштыктын бети ачылып, жалпысынан 975 протокол түзүлгөн", — деген Сатыбалдиев.