Жаңылыктар
Бишкек шаарында чак-чак майрамы белгиленди
Маданият
Бишкек шаарында чак-чак майрамы белгиленди

Бишкек шаарында кыргызстандык татарлардын чак-чак майрамы белгиленди. Майрамды татар-башкыр диаспорасы уюштуруп, ал Кыргызстан калкынын ассамблеясында өттү. Ага өлкөдөгү татар элинен сырткары башка улуттун өкүлдөрү дагы конок катары чакырылган. Иш-чарада татар элинин улуттук оюн-зоок программалары тартууланды. Келген меймандар татарлардын белгилүү чак-чагын ооз тийип, шаңдуу маанайда кайтышты. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 30 миңден ашык татар улутундагы өкүл жашайт.

"Бүгүн биз татар элинин улуттук тамагы болгон чак-чак майрамын белгилеп жатабыз. Бардык татар элин бугунку майрамы менен куттуктайм",- деди уюштуруучу Милана Сайдаева.