Жаңылыктар
"Энелер күнү" белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
"Энелер күнү" белгиленди

Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында "Энелер күнү" белгиленет. Бул тууралу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы кол койгон. Кыргызстанда жалпысынан 25 миңден ашык “Баатыр Эне” бар. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктарга кол койду. Жарлыктардын негизинде жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1902 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 437 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланат. “Энелер күнүнө” карата бүгүн Бишкек шаарындагы Свердлов районунун акимчилиги майрамдык салтанат уюштурушту.

"Энелердин күнүнө" арналган ир чара талантуулардын ыр-күүлөрү менен коштолду. Мындай майрамдык жөрөлгөлөр республикабыздын бардык аймактарында белгиленди.