Жаңылыктар
Аймактарда сабактарды онлайн түрдө окутуу уюштурулууда
Билим
Аймактарда сабактарды онлайн түрдө окутуу уюштурулууда

Өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл жана Нарын облусундагы мектептердин 8-класстарынын окуучуларына химия сабагын окутуу онлайн түрдө уюштурулду. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аралыктан окутуу Нарын облусунун Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектепе-гимназиясында жана Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жыпар атындагы инновациялык мектепте болду. Сабак "Заттын саны" деп аталып, аны Бишкек шаарындагы маалыматтык технологиялык улуттук мектеп-лицейинин окутуучусу, профессор Закия Жээналиева өттү.

Министрлик мектептерге окутуучулар менен профессорлорду иш ордуларында отуруп, аралыктан окутуу тажрыйбасын кеңейтип, жайылтууну максат кыдууда. Республиканын алыска аймактарында 30 инновациялык мектептер жайгашкан. Өткөн жылы ал мектептердин инфраструктурасы жакшыртылып, компьютер, мельтимедиялык техника, интерн менен камсыздалган. Мугалимдер билим берүүнүн жаңы ыкмалары боюнча окуудан өтүшкөн.