Жаңылыктар
Кыргызстанга Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен келет
Саясат
Кыргызстанга Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен келет

Бүгүн, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик визиттин алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат.

Тагыраагы, чек ара, транспорт, миграция, саламаттыктык сактоо жана башка бир катар тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Андан тышкары, бешинчи кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңеш өтөт. Бул акыркы беш жыл аралыгындагы биринчи саммит.