Жаңылыктар
Дамир Сагынбаев: "Матраимов УКМКга чакыртылышы мүмкүн"
Кыргызстан жаңылыктары
Дамир Сагынбаев: "Матраимов УКМКга чакыртылышы мүмкүн"

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттер тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө байланыштуу түзүлгөн атайын мекемелер аралык ыкчам топ жүргүзүп жаткан сотко чейинки иш-чарага чакыртылышы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Журналисттер учурда Матраимов кайда экендигине кызыгышты.Дамир Сагынбаевдин айтымына караганда, иштин материалдары УКМКга өткөрүлүп берилген. Ошондуктан да Матраимов сотко чейинки иш-чаранын алкагында журналисттердин материалдарына карата өз жүйөөсүн келтирүү үчүн келиши мүмкүн.