Жаңылыктар
УКМК журналисттердин иликтөөлөрү боюнча текшерүү иштерин баштады
Кылмыш
УКМК журналисттердин иликтөөлөрү боюнча текшерүү иштерин баштады

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP), «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөр боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жазык кодексинин 39-беренеси жана 130- беренесинин 1- бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Аталган материалдарды каттоого жана ага карата соттук өндүрүштүн башталышына Айеркен Саймаитиге карата коркутуулардын натыйжасында, ал Түркия мамлекетине качууга аргасыз болгону себеп болгон. 

24-ноябрда сотко чейинки өндүрүштү алып баруу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.