Жаңылыктар
Бишкекте ЖККУ саммити өтөт
Саясат
Бишкекте ЖККУ саммити өтөт

28-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт. Президенттин чакыруусу менен саммитке Беларусиянын Президенди Александр Лукашенко, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын Президенти Валдимир Путин, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян келет. 

Жыйында аймактагы коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча пикир алышуу болуп, жыйынтыгында 21 документке кол коюлат. Анын негизгиси глобалдык жана региондогу коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык кызматташтыкка багытталган мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү болмокчу. 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна алты мамлекет мүчө, алар Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Тажикстан жана Армения.