Жаңылыктар
ЖК: мектепти беш күндүк окууга өткөрүү демилгеленди
Билим
ЖК: мектепти беш күндүк окууга өткөрүү демилгеленди

Кыргызстандагы мектептерде окутууну толук бойдон беш күндүк окууга өткөрүү демилгеленип жатат. Демилгечи депутат Дастан Бекешев бүгүнкү билим берүү тармагы совет доорундагы стандарт менен келатканын белгилеп, ал жаңыланууга муктаж экенин айтат. Мындан улам жаңы мыйзам долбоорун демилгеленип, билим берүү министрлигин биргеликте иштеп чыгууга чакырат. Депутат мамлекеттик түзүмдөр да 5 күндүк система менен иштегенин да мисалга келтирет. Долбоор ишке киришсе анда бүгүнкү стандарттар толук бойдон өзгөртүлүшү керектигин билим берүү министрлигинин өкүлдөрү айтышат. Деген билим берүү системасын мамлекеттик система сыяктуу кароо туура келбейт деген серепчилер чыгууда.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешов Кыргызстанда мектептердеги билим берүү системасын 5 күндүк системага өткөрүүнү сунуштап чыкты. Анын айтымында бүгүнкү күндө беш күндүк окуу системасы бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.

Ошондуктан жаңы багытка өтүү зарыл деген депутат бул багытта билим берүү министрлигин биргеликте иштеп чыгууга чакырат.

Мыйзам долбоору азырынча кандай өзгөрүүлөрдү камтыганы ачык эмес. Деген менен серепчи Кеңешбек Сайназаров билим берүү системасын мамлекеттик система сыяктуу кароо туура келбейт деп эсептейт. Эгер долбоор ишке кирсе, анда бир катар өзгөрүүлөр болууга тийиш дейт серепчи.

Билим берүү министрлигинин өкүлүнүн да пикири буга окшош. Азыркы тапта өлкө боюнча 5 класска чейнки окуучулар 5 күндүк система менен окушат. 2012-жылы сааттар 714 саатка кыскартылган. Министрликтин сапат жана көзөмөл башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев эгер долбоор ишке кирсе саатардын саны, стардарттар толук бойдон өзгөртүлүшү керек дейт.

Өлкөнүн эл көп жашаган, өзгөчө шаар жерлериндеги мектептердин дээрлик көпчүлүгүндө класстык бөлмөлөр тартыш. Маселен 700 окуучуга ылайыкташкан мектепте 2 миңге жакын окуучу үч смена менен окуган учурлар бар. Бул көрүнүш өз кезегинде ансыз деле класстык бөлмө тартыш болуп жаткан өлкө үчүн өзүнчө көйгөй жаратат. Бирок ал Мамлекеттик курулуш, муниципалдык бийликтерге тиешелүү маселе. 

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”