Жаңылыктар
Нарынбаев менен Коркмазовдун сотуна Текебаев чакырылды
Коррупция
Нарынбаев менен Коркмазовдун сотуна Текебаев чакырылды

Данияр Нарынбаев менен Хаджимурат Коркмазовдун кезектеги соттук ишине депутат Өмурбек Текебаев чакырылат. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту доо арызды кароо учурунда чыгарды. Мындан сырткары соттук коллегия мамлекеттик айыптоочунун башка дагы күбөлөрдү суракка алуу сунушун колдоого алды. Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев анын абакта отурушуна Данияр Нарымбаев менен Канатбек Турганбековдун акча өндүрүү аракети себеп болгонун жарыялаган.

Былтыр 27-ноябрында Биринчи Май райондук соту Нарымбаев менен Коркмазовго тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди үч, Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкү конфискациялаган. Бирок бул чечимге макул болбогон жактоочулар, соттун жогорку инчтанцияларына кайрылган.Тергөөнүн маалыматы боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук кылган.Кыскасы мамлекеттик айыптоо боюнча экөө тең айыптуу деп табылган. Бирок сот азырынча аягына чыга элек, Бишкек шаардык сотунда уланууда. Бул ирет Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу прокурор Нурлан Сүймөкулов,  сотко 4 өтүнүч келтирди. Алардын биринчиси  отурумдун ачык-айкын болушу үчүн соттук процессти видеого тартууга уруксат берүү болду.  

Бирок ошол эл маалда Нарынбаевдин жактоочусу Михаил Зауман соттук процессти видеого тартууга башында эле уруксаат берилиш керек болчу –деген оюн айтты.

Соотук отрумда прокурор Нурлан Сүймөкулов,  депутат Өмүрбек Текебаевди жана көз карандысыз эксперттер менен дагы бир нече кишилерди  сотко чакырып көрсөтмө алууну өтүндү.

Ал арада соттолуучуларга мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү тууралуу өз ойлорун айтууга мүмкунчүлүк берилип, Данияр Нарынбаев прокуордун өтүнүчүнө каршы эместигин билдирди. Ал эми соттолуучу Хаджимурат Коркмазов депутат Өмурбек Текебаевди сотко чакыртууга каршы эмес болду.

Тараптардын пикирлерин уккандан киийн соттук коллегия кеңешүү үчүн залдан чыгып кетип. Бир канча убакыттан кийин келтирилген өтүнүчтөр боюнча  чечимин угузду. Мамлекеттик айыптоочунун төрт өтүнүчүнүн ичинен соттук процессти видеого тартууну соттук процесстер аяктап бараткандыктан четке какты. Муну менен катар ишти иликтеген тергөөчүнү суракка чакырып көрсөтмө алууга макулдук берилген жок. Бирок башка күбөлөрдү чакырып суракка алууга соттук коллегия каршы болгон жок.

Эске салсак, эркиндикке чыккан мурдагы мэр Нариман Түлеев,  абакта отурушуна Данияр Нарымбаев менен Канатбек Турганбековдун акча өндүрүү аракети себеп болгонун жарыялаган. Белгилей кетсек, башында мамлекеттик айыптоочу Нарынбаевди 12 жыл алты айга, ал эми Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну  суранган. Ошону менен экөөнүн тең үй –мүлкү конфискация болсун деген чечим чыккан. Эми соттун кезектеги отруму 17-майда болот.

М. Абдраманова, «Биринчи радио»