Кыргызстанда ноябрдын 24-25 караган түнү кар жаады. Коммуналдык кызматтар түнү менен борбордун көчөлөрүн, тротуарларды, аялдама жана жол жээктерин кардан арылтуу иштерин жүргүзүштү.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Кыргызстандын аймагында 27-ноябрга чейин абанын температурасы кескин төмөндөй тургандыгын маалымдашты.