Жаңылыктар
Офшордук компаниялардын "былыгы"
Экономика
Офшордук компаниялардын "былыгы"

Офшордук компанияларга байланыштуу маалыматтар кыргыз коомчулугунун да бүйүрун кызытууда. Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму жарыялаган материалдарда кыргызстандыктардын да аттары аталган. Алар ар кайсы жылдары бир катар офшордук аймактардын кызматын пайдаланышкан.

Жарыяланган материалда 200 миңдей компания, фонддор панамалык “Моссак Фонсека” укуктук фирмасы аркылуу каттоодон өткөнү кабарланган. Анда кыргызстандык жарандардын да ысымдары белгилүү болуп отурат. Шапай Акматалиев, Нургүл Расулова, Улукбек Рысбаев, Сергей Петраковдордун жашаганы даректеринен тартып көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Аман Тентиев, “Альфа телеком” ишканасынын экс-башкы директору Азамат Мурзалиевдерге байланыштуу 3 жыл мурда жарык көргөн маалыматтар да аталган материалга камтылган. Анда ошондой эле мурдагы президент Аскар Акаевдин келини Сайкал Акаеванын да ысымы бар.  Кыргызстандыктардын көпчүлүгү түзгөн компаниялар

 Британиянын Виргин аралдарында катталган. Азамат Мурзалиев өзүнүн тиешеси бар делген “Шерексон консалтинг” ишканасы Кипрде түптөлүп жумушка чакырганын, бирок көп узабай жоюлуп кеткенин маалымат каражаттарына билдирди. Офшордук аймактар кызматты пайдаланган кардарынын ысымын ачыкка чыгарбайт. Андыктан жогоруда айтылгандар жарык көргөн маалыматтардын гана топтому. 

Офшордук аймактарда ишкана ачып, алардын кызматын пайдалануу кылмыш болуп эсептелбейт. Бирок, өлкөдөн тапкан каражатын башка мамлекетте сактап, анын экономикасына жумшоо жарандын моралдык жоопкерчилигине байланыштуу суроо жаратат. Салыктан качып, жазылбаган мыйзам бузууну аткаргандардын көпчүлүгү ишкерлер болуп саналат.

Бирок, офшордук өлкө же аймак чет элдик ишкерлерге өзгөчө жеңилдик берүү менен эле чектелбестен, арам акчаларды адалдоого да шарт түзөт. Анткени андагы банктар, каржы мекемелери каражат кайсы булактан, кандай жол менен табылганын сурабайт.

Кыргызстандыктардын тиешеси бар офшордук аймактардагы компаниялар тууралуу маалыматтар азырынча жокко эсе. Алар кандай иш алып барышаары коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"