Жаңылыктар
ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга багытында жолугушуу өттү
Саясат
ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга багытында жолугушуу өттү

Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериковду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерди кароодо ЖККУнун ролун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экендигин белгиледи.

ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков Сооронбай Жээнбековго Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, белгиленген приоритеттер толук кандуу аткарылгандыгын баса белгиледи.

Жолугушууда 28-ноябрда Бишкекте өтчү Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдыктардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.