Жаңылыктар
Жээнбеков Ташкентте өтүүчү экинчи консультативдик жолугушууга катышат
Саясат
Жээнбеков Ташкентте өтүүчү экинчи консультативдик жолугушууга катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда Ташкентте өтүүчү Орто Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жолугушууга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Президенттери жана Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев катышат.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген. Иш-чаранын соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат.

Мындан тышкары, экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.