Жаңылыктар
Билим берүү багытындагы кыргыз-кытай алакасы
Билим
Билим берүү багытындагы кыргыз-кытай алакасы

Эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “ Кытай социализм жолунда өзгөчөлүктөрү менен” аталышындагы баяндама окуду. Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында өткөн жолугушуунун максаты - тажрыйба алмашуу жана өнүгүүнүн эң башкы жолдорун талкуулоо. 

Жолугушууга студенттер, аспиранттар жана окутуучулук курам катышты. Бугүнкү күндө академия менен Кытайдын окуу жайларынын ортосунда өз ара тушүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум бар. “Бир алкак - бир жол” долбоорунун негизинде академиялык алмашуу программасы кытайлык окуу жайлар менен биргеликте иштелип чыккан программаларды, долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик башкаруу, менеджмент, экономика, юридика багытында, саясат таануу тармагында иш-чараларды уюштуруу иштерин жүргүзүүдө. 

Жаштардын дараметин арттыруу жана лидерлик сапатын күчөтүү максатында окуу жайда мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат.

“Кытай элчилиги менен тыгыз иштешип жатып бул жерде кафедра ачкан болчубуз. Кафедра кытай элинде реформалар кандай болуп жатат деп, ушул боюнча окутуу боюнча кафедра ачканбыз да. Бүгүн мына ушул кафедрабызга тиги элчибиз кирип, таанышат”,- дейт Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев.