Жаңылыктар
Шербек Токтомушев “Diamond Cup” эл аралык мелдешинде жеңишке жетти
Спорт
Шербек Токтомушев “Diamond Cup” эл аралык мелдешинде жеңишке жетти

Спорттун өзгөчө түрү болуп эсептелген бодибилдинг боюнча атамекендик спортчу Шербек Токтомушев 2019-жылдын “Diamond Cup” (Даймонд Кап) эл аралык мелдешинде жеңишке жетти. Турнир Индиянын Аурангабад шаарында орун алып, ага дүйнөнүн 15 мамлекетинен спортчулар барган. Токтомушев 90 кг салмактык категорияда мыктынын мыктысы аталып, ал эми абсолюттук сынакта коло медалга ээ болду.

35 жаштагы Шербек Токтомушев бодибилдингге 19 жашында келген. Ал спорттун кикбоксинг, күрөш жана башка түрлөрү менен да машыккан. Аны өлкөнүн көп жолку чемпиону Алексей Горностаев байкап, биринчиликтерге катышуусун сунуштаган.
Аталган мелдешке Токтомушев жарым жыл тынбай даярданган. Эң негизги сыры - бул талыкпаган эмгек жана туура тамактануу болуп эсептелет, - деп кошумчалады спортчу.

Белгилей кетсек, 31 жыл мурда белгилүү киноактёр жана саясатчы Арнольд Шварценеггер Американын Огайо штатында жыл сайын өткөрүлүп туруучу “Арнольд классик” деген жеке сынакты уюштурган. Бул сынак 100 миң доллар, Хаммер унаасы жана баалуу сааттары менен бүткүл дүйнөлүк бодибилдинг спортчуларын өзүнө тартып турат.