Жаңылыктар
Кыргыз-Түрк бизнес-форуму: алты меморандумга кол коюлду
Экономика
Кыргыз-Түрк бизнес-форуму: алты меморандумга кол коюлду

Стамбулда Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында өткөн Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун жыйынтыгында 6 меморандумга кол коюлду. Документтер эки өлкө ортосунда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө багытталган. Бизнес-форумга Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты. 

Кубатбек Боронов Кыргызстандын инвестициялык дарамети тууралуу айтып берип, түрк ишкерлерин Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго жигердүү катышууга чакырды. Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр Анкара шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынына катышты. Анын алкагында соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган иш-аракеттер планына кол коюлду.