Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 26-ноябрда, президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити, ошондой эле 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу сүйлөшүштү.