Жаңылыктар
Эки өлкөнүн илимий алакасы
Билим
Эки өлкөнүн илимий алакасы

 

Кыргызстан менен Казакстан илимий чөйрөдө, маданий-гуманитардык багытта да кызматташууну бекемдейт. Эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн Бишкектеги жолугушуусунда илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү, окуу жайлардын ортосундагы алаканы арттыруу зарылдыгы белгиленди. Казакстан президентинин мамлекеттик сапарын утурлап келген делегация “Ата-Бейитте” да болуп, өткөн кылымдагы каргашалуу окуялар эскерилди.

Эми эки өлкөнүн окумуштуулары Астанада да жолугушат. Ага чейин илимге байланышкан долбоорлордун тизмеси бекитилип, тиешелүү иштер башталаары күтүлүп жатат.