Жаңылыктар
Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
  Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдык

 Кыргызстан 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө алты мамлекеттин башчыларын Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алат. ЖККУ саммитин өткөрүү менен Кыргызстан Уюмга төрагалык мезгилин жыйынтыктайт. Өлкө төрагалык кылган бир жыл ичинде коопсуздук маселелери, заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүү, уюмдун дараметин бекемдөө, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү багыттарына артыкчылык берилди. 

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, шаардыктардан саммит өткөрүү учурунда боло турган ыңгайсыздыктарга, жолдордун тосулушуна жана башка коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.