Жаңылыктар
Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча отурум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча отурум өттү

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум болуп өттү. Бул жолку соттук отурумда кошумча күбөлөрдү суракка алуу боюнча жактоочулар тарабынан өтүнүч келип түшүп, ал канааттандырылган соң, 8 күбө суралды. Алардын катарында экс-президет Роза Отунбаева да көрсөтмө берип, ал 2010-жылдын 12-13- майында 7-апрелде каза болгондордун 40 күндүгү өтүп, өлкөдө маанилүү күндөрдүн бири болгонун айтты. 

Отунбаева ал күнү каза болгондордун ата-энеси менен жолугушкан. Экс-президент Ош менен Жалал-Абадда жагдай курчуп тургандыктан 12-майда өкмөттүн имаратында чогулушуп, атайын тапшырма менен Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп кеткенин айтып берди. "Демек, 12-13-май күндөрү Текебаев менен Чотонов "Супара" тамактануучу жайында болушу мүмкүн эмес эле" деп ырастады экс-президент. Убакыт бүткөнүнө байланыштуу кийинки соттук териштирүү 11-декабрда уланат.