Жаңылыктар
Талантбек Исаевге карата иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Талантбек Исаевге карата иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Ички иштер министрлигиндеги Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата иш "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Исаевдин иши 2011-жылы "Манас Менежмент" компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатат. Генерал-майор Талантбек Исаев ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылыгына 2018-жылы октябрда дайындалган. Талантбек Исаев - Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин бир тууганы.