Жаңылыктар
Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди
Саясат
Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин учагы саналуу мүнөттөр мурда “Манас” эл аралык аба майданына келип конду. 

Аны мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул Казакстан Президентинин Кыргызстанга болгон биринчи мамлекеттик визити. 

Алгач президенттер “Ата Бейит” мемориалдык конплексинде болуп, 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарына арналып орнотулган эстеликке гүл коюшат. Андан соң, Чыңгыз Айматовдун күмбөзүндө болуп, куран түшүрүшөт. 

Казак президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири жана тар чөйрөдөгү жолугушуулар өтөт. Эки өлкө башчылары казак-кыргыз көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашат.