Жаңылыктар
Иранда нааразычылык акцияларга чыккан 7 миң адам кармалды
Дүйнө
Иранда нааразычылык акцияларга чыккан 7 миң адам кармалды

Иранда 15-ноябрдан бери мунай заттарга болгон баа жогорулагандан улам чыккан нааразычылык акцияларында 7 миң адам кармалган. Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы билдирген. Ошондой эле "Amnesty International" уюму белгилегендей, нааразылык акциялары учурунда кеминде 143 адам өлүмгө дуушар болду. 

Ал эми Иран бийлиги өлкөдөгү башаламандыктын артында чет өлкөлүк күчтөр турат деп эсептейт. Ошондой эле, эл аралык укук коргоо уюмдары, Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Германия жана Франция жана жалпы дүйнөлүк коомчулук Иран бийлигин интернетти өчүргөнүн сындап, каршылык акциясына чыккан элге каршы күч колдонгону үчүн айыптоодо. 

Ал эми Тегеран айыптоолорду четке кагып, АКШ менен Европа Биримдигин өлкөнүн ички маселесине кийлигишпөөгө чакырып келет.