Жаңылыктар
Депутаттар медицина тармагында билим алган студенттердин көйгөйүн угушту
Билим
Депутаттар медицина тармагында билим алган студенттердин көйгөйүн угушту

Жогорку Кеңеште “Медицинанын келечеги жаштардын көзү менен” аталышындагы биринчи шаардык медициналык форум болуп өттү. Күн тартибинде каралган негизги маселелердин бири - тармакта билим берүү шарттарынын начардыгы. Студенттер арасында чет өлкөгө билим алуу максатында кетип, калып калгандары көп. Андыктан мамлекет кайра келип мекенинде иштеп берүү талабы менен студенттерди чет өлкөгө окууга жиберүү программасын иштеп чыгуусу шарт. Мындай пикирин клиникалык жаш ординатор Бактыгүл Бексултанова билдирди. 

Форум суроо-жооп иретинде өтүп, тиешелүү адистикке окуп жаткан жаштар медицина тармагында жана аталган багыттагы билим берүү маселелерине байланышкан суроолорду беришти. Талкууга катышкан студенттер окууга керектүү материалдык колдонмолор, китептер жана жабдуулар жетишсиз экендигин айтышты. 

Иш-чаранын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова форумдун жыйынтыгында кабыл алынган чечим парламенттин тармактык комитетинде каралып, тиешелүү мекемелерге жиберилерин маалымдады. Жаш адистердин көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуу максатында форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттык сактоо министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

"Бүгүн айтылган көп маселелерди мен эске алам. Анын бары Жогорку Кеңештин жыйынында айтылат. Дагы бир жолу айтарым, сиздердин көйгөйлөрүңүздөр жана берген сурооңуздар жоопсуз калбайт”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова.