Жаңылыктар
Кыргызстан - Казакстан: жаңы деңгээлге чыккан алака
Экономика
Кыргызстан - Казакстан: жаңы деңгээлге чыккан алака

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бул коңшу өлкө лидеринин Кыргызстанга биринчи жолку мамлекеттик визити. 

Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаевдин эки тараптуу жолугушуусунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы артыкчылыктуу делген бардык маселелер ортого салынды. Эки тараптуу жолугушуудан сырткары Жогорку мамлекеттер аралык кенештин бешинчи жыйыны өттү.