Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода байланыш
Экономика
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода байланыш

Кыргызстан менен Казакстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү максат койгон.

ЕАЭБ умуна мүчө болгон эки мамлекеттин ортосунда товар алмашуунун көлөмү быйыл тогуз айдын жыйынтыгы менен 714 миллион долларды түздү. Анын 246 миллиону экспорттун үлүшү болсо, импорт 468 миллион доллар. Мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамиле тууралуу Амантур Шергазиевдин материалында.

Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы экономикалык алака акыркы жылдары өсүү темпин камсыздоодо. Эки өлкө ортосундагы экспорт, импорттун көлөмү 2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 10 пайыздын тегерегинде жогорулаган.

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына Казакстандын базарларында суроо-талап жогору. Өзгөчө сүт жана сүт азыктары, жашылча-жемиш, эт жана эт азыктары жакшы бааланат. Эки өлкө ЕАЭБдин алкагында да кызматташат. Андыктан мамлекеттер арасында чек ара көзөмөлдөрү да алынып салынган.

Экономисттер коңшу мамлекеттер ортосундагы экономикалык потенциал тиешелүү деңгээлде колдонулбай жаткандыгын белгилешет. Өзгөчө айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечеги мындан да кең экендиги айтылат. Кыргызстанданда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза продукцияны экспорттоону дагы да арттыруу мүмкүн экендигин билдиришти.

ЕАЭБдин базарына Кыргызстан коңшу өлкө аркылуу чыгат. Темир жол жана унаа жол каттамдары Казакстан аркылуу, Россия андан ары Армения, Беларусь өлкөлөрүнө чейин кетет. Кыргызстандын соода-экономикалык өнүгүүсүндө Казакстан негизги өнөктөшүбүз. Аны менен бирге саясий, маданий-гуманитардык алака жогору. Эң башкысы - бир туугандык мамилелер бекем.