Жаңылыктар
Тажикстан жана Беларусь президенттери Кыргызстанга келишти
Саясат
Тажикстан жана Беларусь президенттери Кыргызстанга келишти

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. "Манас" эл аралык аэропортунан аны Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму – тынчтыкты, эл аралык, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө максатын көздөгөн эл аралык уюм. Уюмга Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларусь Президенти Александр Лукашенко дагы келди. "Манас" эл аралык аэропортунан аны Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.