Жаңылыктар
Президенттер кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесине көңүл бурушту
Чек ара
Президенттер кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесине көңүл бурушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушуу Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болду. Мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин аныкташты. 

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту.